super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев өкмөт башчы Дмитрий Медведевди Орусия күнү менен куттуктады

 
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 12-июнда өкмөт башчы Дмитрий Медведевди Орусия күнү менен куттуктады. Муну өкмөттөн билдиришти. 
"Урматтуу Дмитрий Анатольевич! Мамлекеттик майрам - Орусия күнүнө карата чын дилден айткан куттуктоомду кабыл алыңыз. Орусиянын экономикалык жана социалдык өнүгүү тармагында, өлкө турмушунда бир катар реформаларды жасоодо жакшы ийгиликтерге жетишкени Кыргызстанда канааттануу менен белгиленет. Өткөн жылдары Кыргызстан менен Орусиянын достугу, эки тараптуу кызматташтыгы бекемделди жана кеңейди" деп башталган куттуктоодо өлкөлөр ортосундагы мамиленин келечеги боюнча жылуу пикир айтылат.
Жоомарт Оторбаев Орусиянын өкмөт башчысына ден соолук жана ийгилик, Орусияга гүлдөп өнүгүү каалады. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: