Каржы министрлиги: "2014-жылы Кыргызстандагы бюджеттин таңсыктыгы 9 миллиард 430 миллион сомду түзөт"
Бүгүн, 12-июндагы маалымат жыйынында КРнын Каржы министри Ольга Лаврова "2014-жылы Кыргызстанда каржы таңсыктыгы 9 миллиард 430 миллион сомду түзөт" деп билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
"Бюджеттин ресурстук бөлүгүн аткарып жатабыз. Ал эми пландалган кирешелер бюджетке жетишин камсыз кылуу үчүн жана киреше бөлүгүн аткаруу үчүн бардык чараларды көрүп жатабыз",- деди министр.
Эске салсак, 2014-жылга карата божомолдордо бюджеттин киреше бөлүгү 107,110 миллиард сом, чыгаша бөлүгү 116,553 миллиард сом деп айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

