super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: “Кыргызстан Азербайжан менен достук мамилени өнүктүрүүгө кызыкдар”

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жетектеген делегация 11-июнда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын V пленардык жыйынынын алкагында Азербайжан парламентинин төрагасы Октай Асадов менен жолугушту. Тараптар эки өлкө ортосундагы мамиле жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча сүйлөшүштү. 

Асадов парламенттер ортосундагы алаканы мындан ары да өнүктүрүү зарылдыгын айтып, Жогорку Кеңеште Азербайжан менен өзүнчө бир депутаттык достук тобун түзүүнү сунуш кылды. Расмий Бишкек туура багытта иш жүргүзүп жатканын айткан Асадов: “Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат келечекте жемишин берет. Өзгөчө гидроэнергетика жаатында башталган иштер олуттуу мааниге ээ. Суу – түгөнбөгөн кенч, түбөлүк байлык”,- деп билдирди.

Асылбек Жээнбеков: “Кыргызстан Азербайжан менен достук, боордоштук алаканы өнүктүрүүгө кызыкдар. Эки тараптуу жетишилген макулдашуулардын арасында сиздердин өлкөдө Кыргызстандын элчилигин ачуу чечими бар. Элчилик үчүн борбордук райондордун биринен 49 жылдык мөөнөттө имарат бөлүп берүүгө көмөк көрсөтүүгө чакырам. Бул дипломатиялык карым-катышты бекемдөөдө зор роль ойнойт”,- деди. 

Жээнбековдун Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүү сунушуна Асадов макулдук берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: