super.kg logo

Ошто мэр Айтмамат Кадырбаев шаардыктардын өтүнүчтөрүнүн негизинде 123 протокол түзгөн

 

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кызматына киришкен алгачкы күндөрдөн баштап шаар тургундары менен өткөргөн жолугушууларынын учурунда шаардыктардын өтүнүчтөрүнүн негизинде 123 протоколдук тапшырма берген. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анда мэриянын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы Нуралы Курмантаевдин билдиргенине караганда, 1-июнга карата мэр Айтмамат Кадырбаевдин протоколдук тапшырмаларынын 60ы толук аткарылды. 

Ошондой эле 46 протоколдук тапшырма көзөмөлгө алынып, аткаруу иштери жүргүзүлүп жатат. Ал эми жүйөлүү себептерден улам 9 протоколдук тапшырманын мөөнөтүн 2015-жылга узартуу каралууда. Алар негизинен каржы булактарын аныктоого байланышкан.

Протоколдук тапшырмалардын аткарылышы мэриянын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү тарабынан көзөмөлгө алынган жана мэрге системдүү маалымат берилип турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: