12-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 850 миллион метр кубду түздү
2014-жылдын 12-июнуна карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 850 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электрстанциялары" ААКынын басма сөз кызматы билдирди. Өткөн жылы суу сактагычтагы суунун көлөмү 12 миллиард 473 миллион метр кубду түзгөн.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Суу сактагычка кирген суунун агымы секундуна 556 метр куб болсо, 2013-жылы 12-июнда 1 174 метр куб болгон. Ал эми суу сактагычтан агып чыккан суунун агымы секундуна быйыл 224 метр кубга барабар болду. Өткөн жылы 243 метр кубду түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.