super.kg logo

Кытай эли Алайдагы Эркеч-Там унаа жолунун буулуп турганына тынчсызданышууда

 

Бүгүн, 12-июнда Кытайдын Оштогу башкы элчиси У Инцинь, консулдун биринчи секретары Ван Лицзю КРнын ИИМинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Сүйүнбек Өмүрзаков жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Ашым Тагаевдер менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Анда Кытайдын башкы консулу У Инцинь 27-майдан бери Ош - Эркеч-Там унаа жолунун жабылып тургандыгынан улам Кытайдын жарандары өз жерине өтө албай жатышкандыктарын жана Кытай тараптан ишкердик менен алектенип жаткан 400гө жакын жаран Кыргызстанда толук кандуу жумуштарын жүргүзө албай, кыйынчылык тартып жатышкандыктары боюнча арыз-даттануулар менен консулга кайрылышкандыгын билдирди.

Ошону менен катар жол жабылып турганына кабатыр экендигин жана жарандардын мындай абалда калганына тынчсызданып жатканын, ошондой эле жол качан ачыла тургандыгын билгени келишкенин маалымдады.

Ал эми ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Сүйүнбек Өмүрзаков учурда жолду тоскон окуя боюнча өкмөттүк деңгээлде мыйзам чегинде сүйлөшүү жолу менен бул маселе чечилип жатканын билдирип, ыңгайсыз абал жаралып калган жагдайды туура түшүнүп кабыл алуусун айтты. Ал жол маселеси жакынкы күндөрү чечиле турганын, ошондой эле алардын өтүнүчтөрүн жогорку инстанцияларга жеткирерин билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.06.2014. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кытай тарап оз ишин кылсын биз оз ишибизди кылалы .......
13.06.2014. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайларды озу ваапше киргизбеш керек уже месный боло баштаганго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: