Ош шаарындагы "Жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасында коррупциялык схема ачыкталды
Ош шаарындагы "Жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасында коррупциялык схема ачыкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 12-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, аталган мекеменин жооптуу кызматкерлери "Файси" ЖЧКсы менен кылмыштуу келишим түзүшкөн. Тактап айтканда, муниципалдык ишканага керектелүүчү курулуш материалдарын аталган ишканадан жогорулатылган баа менен сатылып алынган. Жыйынтыгында мамлекетке 588 миң сом зыян келтирилген.
Учурда аталган окуя боюнча кылмыш иштери козголуп, иликтөө башталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.