Жылнаама, 13-июнь: Мындан 53 жыл мурун Калугада дүйнөдөгү космонавтикага арналган алгачкы музейдин имаратын түптөө иши башталган
* Мындан 88 жыл мурун, 1926-жылы Кыргызстанда Борбордук музейди ачуу иштери башталып, ал үчүн атайын илимий комиссия уюшулган. Илим комиссиянын демилгеси менен Ленинград шаарынан жаш окумуштуу С.М.Абрамзон чакырылып, натыйжада музейди уюштуруу иши жанданган. Кыргыз облустук агартуу бөлүмүнүн өткөргөн кезектеги коллегиясында "Кыргызстандагы Борбордук музейдин жобосу" каралган. Жаңы долбоорго ылайык, музей жетекчилигине Брауде бекитилген.
* Мындан 28 жыл мурун, 1986-жылы америкалык эгиз актрисалар Мэри-Кейт менен Эшли Олсендер Лос-Анжелес шаарында төрөлүшкөн. Кийинки жылы эле 9 айлык эгиз кыздарды биринчи жолу “Полный дом” сериалындагы Мишель Теннердин ролуна экөөнү алмак-салмак тартышкан. Актрисалар "Мгновения Нью-Йорка", "Мексиканские приключения", "Однажды в Риме", "Побеждая Лондон" ж.б. тасмаларга тартылышкан.13-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















