super.kg logo

Ак-Талаада Каржы кызматкерлеринин күнү белгиленип, бир катар кызматкерлерге Ардак грамоталар жана төш белгилер тапшырылды

 

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 12-июнда Кыргызстандагы каржы-экономика системинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы жана Каржы кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда жергиликтүү өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү жана Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан майрамдык салтанатта бир катар кызматкерлерге Ардак грамоталары, ыраазычылык каттары, райондук каржы бөлүмүнүн Ардак грамоталары жана Каржы министрлигинин төш белгилери тапшырылды.

Кесиптик күндүн ээлерин акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов, райондук каржы бөлүмүнүн башчысы Абдыкалык Саалиев, администрациянын аппарат жетекчиси Майрамбек Байшериевдер куттукташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: