super.kg logo
  Спорт  

Бразилияда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү

 
Жарым саатка созулган ачылыш аземи.
Жарым саатка созулган ачылыш аземи.
Расмий гимндин аткаруучулары Pitbull менен Женнифер Лопес...
Ачылыш аземинин жүрүшүнөн...
Өлкөнүн түндүгүнөн тараган капоэйра согуш өнөрү тартууланууда.
Ачылыш аземинен...

Бразилияда расмий түрдө футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун салтанаттуу ачылышы болду. Жарым саат убакытка созулган салтанатта үй ээлери өзүнүн тарыхын, салттарын жана улуттук баалуулуктарын тааныштырып жетишти.

48 000 кишиге туураланган “Кориантианс Арена” стадиону бут коёрго жер жок жык толгон. Алгач салтанаттын уюштуруучулары “Реко-реко” деп аталган улуттук музыкалык аспаптан чалынган шыңгыр күү алдында тропикалык дарактардын элесин көрсөтүп беришти. Өлкөдө белгилүү болгон бромелия өсүмдүгүнүн элеси да ачылыш аземинде көрсөтүлдү. Стадиондун чок ортосунда тоголок топтун формасында атайын ири көлөмдөгү шар жайгаштырылган. Аны тегеректей аккан Амазонка дарыясынын элеси көк түстөр менен чагылдырылды.

Жалпысынан ачылыш аземинде стадиондо көк, сары жана жашыл түс басымдуулук кылды. Кайык менен жүргөн байыркы индейлер, кокос жаңгагын чогултуп жүргөн кулдардын бийи жана андан бери карай болгон өнүгүү жолу, өлкөнүн түндүгүнөн тараган капоэйра согуш өнөрү, маданият жана жалпы бий өнөрлөрү тартууланды.

Олимпиададан айырмаланып аз убакытты ээлегени менен, футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун ачылышы өтө мыкты даярдалат. Ачылыш аземинин акыркы мүнөттөрүндө мелдешке катыша турган 32 команданын формасын кийген 32 бала майданга чыга келди. Андан соң гана күндүн күтүлгөн учуру келип, 2014-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун расмий гимни жаңырды. Албетте, буга чейин өзүңүздөр билип, көрүп келген Клаудио Лейте, Pitbull жана Женнифер Лопестин аткаруусунда “We are one” (жергиликтүү тилде "Ola-Ola" деп аталат) деген аталыштагы ыр обого 3 мүнөт бийдин коштоосунда жаңырып, мелдеш расмий түрдө ачылды. Эми эң аз убакыт ичинде биз Дүйнө чемпиондугунун алгачкы оюну болгон Бразилия-Хорватия беттешине күбө болобуз. 





Бразилия - 2014: Футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун ачылышы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(7)
13.06.2014. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мен корбой калдым дааааааааааа........
13.06.2014. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Туугандар кайсы командага акча койойун ??? 2000 мин азыр букмекерскиде отурам
13.06.2014. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
syltanmyrat2013, Испания
13.06.2014. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачылышы сонун.
13.06.2014. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бразилияга кой
13.06.2014. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
1:1 болушту
Медиа-портал
13.06.2014. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыктын баары башталды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: