“Барселона” Сеск Фабрегасты лондондук “Челсиге” сатты

Каталондук “Барселона” футболдук клубунун жана Испания курама командасынын жарым коргоочусу Сеск Фабрегас мындан аркы карьерасын лондондук “Челсинин” курамында улантат. Бул тууралуу кечээ, 12-июнда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 27 жаштагы футболчуга байланышкан трансфердин суммасы боюнча азырынча так маалымат жок. Алдын ала айтылган маалыматтарга ылайык, трансфердин суммасы 30 миллион евронун тегерегинде болуп, келишим боюнча футболчу жылына 10 миллион евро маяна алат.
Кошумчалай кетсек, С.Фабрегас “Барселонанын” футболдук академиясында тарбияланган. 15 жашынан тарта ал “Арсеналдын” курамына кошулган. Ал эми “Барселонага” кайтып барганы 2011-жылга туура келген. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
lotte

14.06.2014. 14:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Барселона команда курамын жанылап, тактикасын озгортушу керек. Фабрегаска болсо ийгилик!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.