Жеңил атлетика боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда кыргызстандык спортчу Дарья Маслова алтын тагынды
Кечээ, 12-июнда Кытайда жеңил атлетика боюнча кыргызстандык спортчулардын катышуусунда жаштар арасындагы Азия чемпиондугу старт алды. Анда Кыргызстандын желеги астында 5 чакырым аралыкта жарышка түшкөн Дарья Маслова алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Азия биринчилигинде Кыргызстандын атынан Ксения Файсканова, Дарья Маслова жана Дмитрий Тимков катышууда. Мелдеште К.Файсканова 800 жана 1500 метр аралыкта күчүн сынаса, Д.Тимков 200 жана 400 метр аралыкта жарышка түшөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
aza.kg007

13.06.2014. 16:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
М.м молодец
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.