super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков ЕКПАнын эксперт-баяндамачысы Мевлют Чавушоглу менен жолугушту

 

15-январда ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын  эксперт-баяндамачысы Мевлют Чавушоглу менен жолугушту.Жолугушууда Кыргызстандын ЕКПА алдында «Демократия боюнча өнөктөш» статусун алууга берген өтүнүч катына тиешелүү маселе жана өз ара кызматташтык келечеги талкууланды.  Айта кетсек, Жогорку Кеңештин өтүнүчү 2011-жылы берилген, ал эми 2012-жылы Мевлют Чавушоглу аталган маселе боюнча баяндамачы болуп дайындалган. Төрага А.Жээнбеков Кыргызстан ЕК Парламенттик ассамблеясы менен өнөктөш болууга чоң маани берерин баса белгилөө менен, Жогорку Кеңештин өтүнүчү ЕКПА тарабынан оң чечиле тургандыгына үмүт байлап жатканын билдирди. Мевлют  Чавушоглу да демократиялык өнүгүү, адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жолун тандап алган Кыргызстандын андай ниетин колдой турганын айтты.  «Ошондой эле, биз өз баяндамабызда өнөктөштүк мамилелердин алкагында көңүл бурула турган тармактар да камтылат», - деп кошумчалады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: