super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков Казакстандын парламент төрагасы Кабибулла Жакупов менен жолугушту

 
ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков 12-июнда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын V пленардык отурумунун алкагында Казакстан Республикасынын Мажилисинин Төрагасы Кабибулла Жакупов менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу жаатында баарлашты.

Асылбек Жээнбековдун айтымында, көп тармакты камтыган артыкчылыктуу багыттарга байланыштуу маселелерди чечүүдө, эки тараптуу мамиледе жылыштар байкалууда. Ал эми бир нукка түшкөн парламенттер аралык мамилени токтотпостон андан ары жакшыртуу алаканы чыңдоодо маанилүү ролду ойноору калетсиз. “Парламенттер аралык комиссиянын кезектеги IV жыйынын күзүндө өткөрүүгө даярбыз. Жыйындын күн тартибинде Кыргызстан менен Казакстандын парламенттер аралык кеңешин түзүү маселеси каралат” деген спикер көп багыттуу кызматташууну өркүндөтүү жаатындагы ойлорун ортого салды.

Ушул жылдын 29-майында Астанада болгон Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында бекитилген жол картасы баарлашуунун жүрүшүндө көтөрүлдү. А.Жээнбеков Бажы биримдигине мүчө мамлекеттер, анын ичинде Казакстан Кыргызстандын аталган биримдиктин шарттарына ыңгайлашуусу үчүн көмөктөшүү ниетин ачыктаганына басым жасады.

Ал эми казак парламентинин жетекчиси өз кезегинде боордош Кыргызстанды бардык багытта колдоого дилгирлигин маалымдады. “Биз Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушун колдойбуз. Бул багытта ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даярбыз”,- деди К.Жакупов. Ошондой эле ТүркПАнын алкагында кызматташуу бул ассамблеянын курамындагы өлкөлөрдүн экономикалык, маданий-гуманитардык байланышын бекемдөөгө өбөлгө болорун айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: