super.kg logo

"Атамдын жасаган иштери бүгүнкү күнгө чейин эл арасында айтылып жаткандыгына өзгөчө сыймыктанам" дейт Жумабек Ибраимовдун уулу

 
Жумабек Ибраимовду эскерүү митинг-реквием 1 мүнөттүк эскерүү жана абага үч жолу ок атуу менен башталды.
Митинг-реквием эч кандай кечигүүсүз башталды. Ага бир катар чиновниктер жана Жумабек Ибраимовдун туугандары да катышты.
Иш-чарага келген инсандар.
Ж.Ибраимовдун туугандары.
Иш-чаранын жүрүшүнөн.
Иш-чаранын жүрүшүнөн.
Митинг-реквиемге катышкандар.
Митинг-реквиемге келген санаалаш жана анын эмгегин сыйлаган инсандар.
Борбор калаанын мэри Кубанычбек Кулматов.
Иш-чарага чиновниктер же туугандары гана эмес, анын эмгегин баалап, сыйлаган инсандар да гүл алып келип эстеликке коюп жатышты.
"Республика" партиясынын лидери Максат Сабиров жана депутат Роза Акназарова гүл коюу аземинде.
Жумабек Ибраимовдун эстелигине гүл коюу аземи.
Жумабек Ибраимовдун тууган-уругу.
"Кайнагам кайсы тармакта болбосун өзүнүн тактыгын, ишине берилип иштегендигин көрсөтчү. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө Жумабек Ибраимовдой жетекчилер аз экендиги өкүнүчтүү",- дейт келини Жамиля Мырзакулова.
"Бүгүнкү күндө Жумабек Ибраимовдой чынчыл адамдарга мамлекетибиз муктаж. Биздин ата-бабаларыбыздын арбактары ыраазы болмоюнча ишибиз жүрүшпөйт. Ошон үчүн бүгүнкү иш-чара өзгөчө мааниге ээ деп ойлойм",- дейт "Республика" партиясынын лидери Максат Сабиров.
Жумабек Ибраимовдун небереси Малик Ибраимов быйыл 9-класска көчтү. Ал чоң атасын көрбөй калганына аябай өкүнөрүн айтат.
Жумабек Ибраимовдун элесине арналган эстелик.
Борбор калаанын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Билим берүү жана илим министри Канат Садыков жана Биринчи Май районунун акими Аскар Алиев.
Жумабек Ибраимовдун уулу Нурдин Ибраимов.

Бишкекте бүгүн, 13-июнда белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жумабек Ибраимовдун 70 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Иш-чарага анын балдары, неберелери, жакын туугандары, чиновниктер жана жөн гана анын эмгегин сыйлаган жарандар катышты. Жумабек Ибраимов жөнүндө эскерүүлөр айтылып жатканда анын жакындары жашып, эстелигин үшкүрүнүү менен тиктеп жатышты. Митинг-реквием бир мүнөттүк эскерүү жана абага үч жолу ок атуу менен башталды.  

Ибраимов Жумабек Чүй облусунун Кемин районундагы Жаңы-Алыш айылында 1944-жылы 1-январда туулган. Көзү тирүү болгондо быйыл 70 жашка толмок. Ал 1998-жылы КРнын Премьер-министри болуп да эмгектенген жана бир катар мамлекеттик кызматтарда талыкпас эмгеги менен өзүн көрсөтө алган.  

"Атам жаш кетти, ал көзү барда бизге жалаң гана мээрим менен өзүнүн чексиз сүйүүсүн тартуулады. Адамгерчилик сапаты жана жумуштагы тактыгы үй-бүлөсүн гана эмес, мамлекеттеги айрым багыттарды да башкара алды. Анын жасаган иштери бүгүнкү күнгө чейин эскерилип, эл арасында айтылып жаткандыгы өзгөчө сыймыктанууну жаратат. Ал эми эң негизгиси биз, анын балдары, бүгүнкү күндө элдин көзүнө тике карай алабыз. Атам көзү барда "дайыма чынчыл болгула, татыктуу болгула" деп көп айтчу, себеби ал өзү ошондой эле. Мен ушундай инсандын уулу экениме сыймыктанам”,- дейт уулу Нурдин Ибраимов.

Ал эми иш-чарага катышкан борбор калаанын мэри Кубанычбек Кулматов өз сөзүндө буларга токтолду: “Кыргызстандын эгемендүү болгондугу Жумабек Ибраимовдун ишмердүүлүгү менен тыгыз байланышта. Бул инсан элдин чоң ишенимине ээ болуп, өзүнүн тажрыйбасы менен оор кырдаалдардан бир катар жолу мамлекетти чыгарган. Ал инвестиция тартуу, саясий кадамдарда өз убагында туура чечимдер менен көп пайда алып келген. Жумабек Ибраимовдун талыкпас эмгеги, адамдык сапаттары баарыбызга үлгү болуш керек”

“Чоң атам мени аябай күткөн экен, тилекке каршы, ал катуу оорудан мени көрбөй каза болуп калды. Апам чоң атам жөнүндө көп нерселерди айтып берген. Ал мен апамдын курсагында 9 ай кезимде бул дүйнө менен коштошуптур. Жакында эле музейлердин бири уюштурган көргөзмөгө барып чоң атам жөнүндө көп маалымат ала алдым. Аябай сыймыктандым, анын кыргыз элине көп иштерди жасаганына, өз элинин жашоосун өзгөртөм дегенине таазим кылдым. Апам “эгер чоң атаңдан айрылбасак, ал сөзсүз өлкөнүн президенти болмок” деп айтчу эле, мен да ошол ойду колдоп келем”,- дейт Жумабек Ибраимовдун небереси Малик Ибраимов.

Иш-чарага мэр Кубанычбек Кулматов, вице-мэр Айгүл Рыскулова, ЖКнын депутаттары жана бир катар көрүнүктүү инсандар катышты.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: