super.kg logo
  Спорт  

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн, 13-июнда Испания-Голландия беттеши болот

 

Кечээ болгон Бразилия-Хорватия беттешиндеги калыстын катасы боюнча талкуу азыркыга чейин басаңдай элек. “Жок жерден пенальти бердирип, калысты убара кылбай, балким, Бразилияга чемпиондук кубокту дароо тапшырабыз?” дешти нааразы болгон хорваттар. Социалдык тармактарда, эки кишинин башы бириккен жерде калыс сөз болууда. Талкуунун курчтугун мындан байкаңыз, 2010-жылкы Дүйнө чемпиондугунун финалында ойногон Испания менен Голландиянын бүгүнкү беттешери да анча капарга алынбагандай. 

Көңүлүңүздөрдү бүгүн боло турган 3 оюндун эң көрүнүктүүсүнө бурууга аракет кылабыз, достор. Ооба, Голландия 2010-жылы финалдык беттеште Испанияга 1:0 эсебинде утулуп, футболчулар шолоктоп ыйлагандан башка арга табышкан эмес. Бүгүнкү оюнда да 4 жыл мурункудай эле Испания жеңишке башкы талапкер болууда. Ушул түнү дүйнөнүн учурдагы чемпиону менен учурдагы вице-чемпиону эч болбосо тайпадан ким биринчи чыгарын аныкташат. Анткени бул тайпада орун алган Австралия менен Чилинин тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү айтылган эмес, алдыда да айтылары шек жаратат.

Бүгүн жалпысынан 3 оюн болот. Алгач “А” тайпасында орун алган командалар беттешсе, андан соң “В” тайпасындагы командалар өз ара оюн өткөрүшөт.   

Оюндар:

“А” тайпасы. МЕКСИКА-КАМЕРУН

Натал шаары. “Арена дас Дунас” стадиону  

Башталышы – 22:00 (Бишкек сааты менен)

Калыс: Вильмар Рольдан (Колумбия)  

 

“В” тайпасы. ИСПАНИЯ-ГОЛЛАНДИЯ

Салвадор шаары. “Фонте-Нова” стадиону  

Башталышы - 01:00 (Бишкек сааты менен)

Калыс: Никола Риццоли (Италия)

 

ЧИЛИ – АВСТРАЛИЯ

Куяба шаары. “Арена Пантанал” стадиону  

Башталышы - 04:00 (Бишкек сааты менен)

Калыс: Нумандьез Дуэ (Кот-д`Ивуар) 

 
P.S. Төмөндөгү сүрөттөр 2010-жылкы дүйнөлүк чемпиондуктун финалындагы урунттуу учурлар...  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
13.06.2014. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы Телеканалда болот Ктрк телеканалында болобу жобун кутом
13.06.2014. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
НТС каналында болот ктрк да болбойт.
13.06.2014. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MEDER_KULETOV, тундо болдуго телевикторина деп ачылышын берди го неге бербейт анда
13.06.2014. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
НТС коп жерде тартбайт КТРК эле албаптыр.
13.06.2014. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Голландиянын учуру келди эми. Испания дем алсын.
13.06.2014. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
В группасынан испания алга! Кучтуусу женсин!
13.06.2014. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Испания утат мында да алар чемпиондук учун финалга чыгышат.
13.06.2014. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
испаниянын курама командасы алдыга чыкса керек.
13.06.2014. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аргентина кучтуу мунусунда, жаны машыктыруучусу кыйла алдыга жылдырды и дарбазачысы да жакшыраак мурункудан. Быйыл немецтерден очуну алса керек...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: