MegaCom компаниясынын 650 миңден ашуун абоненти персонификациялоодон өттү

Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-февралындагы токтомуна ылайык, 2014-жылдын 8-мартынан тарта республикабыздын аймагында жылуучу радиотелефондук (уюлдук) байланыш кызматтарын көрсөтүү эрежелери күчүнө кирди. Бул тууралуу аталган компаниядан бүгүн, 13-июнда билдиришти.
Жогоруда көрсөтүлгөн эрежелерге шайкеш бардык абоненттер байланыш оператору менен келишим түзүүсү керек. 2014-жылдын июнь айынын башындагы маалыматтарга таянсак, 651 954 абонент «Альфа Телеком» ЖАКы менен келишим түзгөн.
MegaCom компаниясынын юридикалык бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Карабаев өз сөзүндө белгилегендей, MegaCom абоненттерди персонификациялоонун мүмкүн болушунча ыңгайлуу болушун камсыздап келет. Сервистик борборлордун санынын арбып жатышы, уникалдуу бонустук акция жана башка иш-чаралар абоненттердин байланыш оператору менен келишим түзүүсүнө өбөлгө болууда.
Компаниянын биллинг бөлүмүнүн маалыматына ылайык, күнүнө миңден ашуун абонент персонификациялоодон өтүүдө.
Иш-чаранын артыкчылыктары биринчи кезекте коопсуздук жана ишенимдүүлүк болуп саналат.
Абоненттер SIM-картасын акысыз каттоо менен бирге эле өз номурун кайрадан калыбына келтирип, эсебинин деталдоосун алып жана башка бонустарга ээ болушат.
Келишим кандай түзүлөт? Тейлөөнүн келишимдик формасына өтүүнү каалаган MegaCom абоненттери компаниянын Сатуу жана тейлөө борборлорунун бирине же компаниянын өнөктөштөрүнүн-дилердик түйүндөрүнүн фирмалык салондоруна кайрылуусу керек. Өзү менен жарандыгын тастыктаган документин ала келүүсү жетиштүү.
Персонификациялоо боюнча мegaакция! Тейлөө борборлорунан жана фирмалык салондордон оператор менен келишим түзгөн жана келишим түзүүгө жакындарын тарткан активдүү абоненттер Samsung Galaxy Note планшеттери, Huawei Ascend смартфондору, саркеч кол чатырлар жана муздаткыч-баштыктар менен сыйланышат. Толук маалыматты *996 (MegaCom абоненттери үчүн чалуу акысыз) номуру аркылуу жана компаниянын www.megacom.kg расмий сайтынын акциялар бөлүмүнөн алууга болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2023-04-29
10:47
2020-10-23
21:33
2020-10-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
ai_temir

20.06.2014. 22:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мыкты оператор. башка сим карталарды да колдонгом бирок мегакомду жакшы кором гооо. Мен да каттатып келем буйруса
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.