super.kg logo

Бишкекте “Коопсуз эне үчүн коопсуз донорлук” аталышындагы акция өттү (фоторепортаж)

 
Кан донорлору каттоодон өтүп жатышат. Бул жигит атайы кан тапшыруу үчүн келгенин айтты.
Ар бир кан донору тиешелүү кагаздарды толтуруп, өз ден соолугу тууралуу бир катар суроолорго жооп жазууда.
"Донордун каны бирөөнүн өмүрүн сактайт".
Кан донору болууну каалагандардын көбү аялзатынын өкүлдөрү болду.
Кан тапшырууну каалагандар анализ тапшырып, каны таза чыккан соң гана кан донору болууга мүмкүнчүлүк алып жатты.
Кан тапшырууну каалагандар анализ тапшырып, каны таза чыккан соң гана кан донору болууга мүмкүнчүлүк алып жатты.
Гүлбара Кененбаева, терапевт-дарыгер.
Акциянын алкагында жаштарга атайы даярдалган брошюралар таратылды.
Акцияга катышкан кан донорлору.
Акцияга катышкан кан донорлору.
Кан тапшыргандардын каны атайы даярдалган полиэтилендерге куюлуп, анын салмагы тараза үстүндө өлчөнүп жатты.
Кан донорлору тапшырган кандар минтип атайын идиштин ичине чогултулуп, бир катар процедуралардын өтөт. Андан соң кимдир бирөөнүн өмүрүн сактоого жумшалмакчы.
Кан донорлору 470 грамм канын тапшырган соң футболка жана брелокторго ээ болушту.
№5-поликлиниканын жетекчисинин орун басары Жылдыз Аманкулова.
Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу медициналык жардам уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Айгүл Бообекова.
Кан донорлоруна чакан концерт уюштурулуп, анда жаш бийчилер өз талантын тартуулашты.
Кан донорлоруна чакан концерт уюштурулуп, анда жаш бийчилер өз талантын тартуулашты.
Бүгүн, 13-июнда Бишкектеги Эмен сейил багында Бүткүл дүйнөлүк кан донорунун күнүнө карата “Коопсуз энелик үчүн коопсуз донорлук” аталышындагы акция өтүүдө. Аталган акциянын алкагында каалоочулардын баары кайрымсыз кан донору болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Иш-чара саат 10дон өтүп башталганына карабастан, 40 мүнөткө жетпеген убакыт аралыгында 20дан ашуун киши кан тапшырганга жетишти. Кан донору болууну каалагандар 470 грамм кан тапшырып, жагымдуу белектерге ээ болуп жатышты.

Иш-чарага келгендер эң биринчи каттоодон өтүп, атайы даярдалган анкеталарды толтурушту. Андан кийин ички оорулары боюнча дарыгерге кайрылып, буга чейин кайсы оорулар менен ооругандыгын, акыркы 2 жума аралыгында кандай дары-дармектерди ичкендерин айтып беришти. Ошондой эле донорлор канынын анализин тапшырып, ал таза чыкканда гана кан тапшырышты.

Эгер донору болууну каалагандын кан басымы нормадан ылдый болсо, ал кан тапшыра албайт. Себеби анын башы айланып, эси ооп калышы мүмкүн. Кан тапшыргандардын жашы 18ден өйдө жана салмагы 50 килограммдан кем эмес болушу зарыл. Донор болууну каалап, бирок текшерүү учурунда айрым оорулар менен ооругандыгы белгилүү болсо, анын канын албайбыз. Себеби дени сак, эч кандай ооруларга чалдыкпагандар гана донор боло алышат. Ал эми чет өлкөдөн келген жарандар 6 айдан кийин гана кан тапшыра алат, анткени көп оорулардын инкубациялык мөөнөтү 6 айды түзөт”,- дейт терапевт-дарыгер Гүлбара Кененбаева.   

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын негизги максаты калк арасында медициналык максат үчүн өз канын тапшыруу тууралуу маалымат жайылтуу жана канга муктаж болгон бейтаптарга кайрымсыз кан тапшырып турууга чакыруу болуп саналат.

Бүгүнкү күн өтө маанилүү. Кайрымсыз тапшырылган кан мамлекеттин байлыгы болуп саналат. Өлкө аймагында кан менен камсыздоо чоң көйгөйлөрдүн бири. Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда кан кетүүдөн каза тапкан энелердин көрсөткүчү өтө жогору. Кыргызстанда жылына 8 миң бала төрөлөт. Өткөн жыл аралыктарында энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү 100 миң тирүү төрөлгөн баланын 39,2 пайызын түздү. Анын ичинен кан кетүүдөн каза тапкандары 23 пайызды түзүүдө. Мындай учурларда ыкчамдык керек. Камдалган кандын көлөмү канчалык көп болсо, ал ошол эле энелердин өзгөчө кырдаалдарда адам өмүрүн сактоого салымы эбегейсиз. Эч кимибиз ден соолугубуз канчалык деңгээлде чың экенин билбейбиз. Ошол себептен улам кандын керектүү өлчөмдөн ашык болуусу зарыл”,- дейт Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу медициналык жардам уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Айгүл Бообекова.

Ал эми бир жолу эмес, үчүнчү ирет кан тапшырып жаткан №5-поликлиниканын жетекчисинин орун басары Жылдыз Аманкулова: “Кан тапшырууну сооптуу иш деп ойлойм. Жакшы иш-аракеттерди жасоо башка, ал эми кан тапшыруу менен биз бир адамдын өмүрүн сактоого салым кошуп жатабыз. Анын үстүнө менин каным өтө сейрек кездешүүчү 4-топко кирет. Ошол себептен улам кээде сыналгы аркылуу да кимдир бирөө менин тобумдагы канга муктаж экендигин билсем, ага байланышып, сөзсүз кан тапшырганга аракеттенем. Азыр бул жылдын эсебинен үчүнчү жолу кан тапшырып жатам. Менин каным канга муктаж болгон кимдир бирөөгө керек болот деп аябай сүйүнөм”,- дейт.

Иш-чаранын алкагында кан донорлоруна концерт уюштурулуп, ысык чай, таттуу азыктар жана жагымдуу белектер тартууланып жатты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.06.2014. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jonokoi elder bekeeer futbolka menen brelokko aldanyp kan tapwyryp jatywat. Ustundo oturgan biroo al kandy 10 ese oido baaga satyp atkandary okunu4tuu. Uwu 4ondor uialsa bolotvele jada kalsa karapaiym eldin kanynan ak4a taap 4ardagandan.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: