Канат Садыков: “Кыргызстанда китеп басууда коррупциялык схемалар бар болгондуктан, бул маселени терең изилдеш керек”
Бүгүн, 13-июнда Кыргыз билим берүү академиясында өтүп жаткан тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Билим берүү министри Канат Садыков: “Кыргызстанда мектеп окуучуларына китеп басуу маселеси курч болууда. Аны терең изилдеш керек”,- деп билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда китеп басууда коррупция күчөп кеткен. “Коррупциялык механизмдер автордук, ижарага берүү негиздеринде болууда”,- деп түшүндүрдү ал.
Мындан тышкары ал бул маселени чечүү үчүн комиссия тиешелүү иштерди жүргүзөрүн баса белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.