super.kg logo

Эльвира Сариева, вице-премьер-министр: “Кыргызстанда электрондук китептер - келечектин маселеси”

 

Бүгүн, 13-июнда Кыргыз билим берүү академиясында өтүп жаткан тегерек столдун жүрүшүндө аталган окуу жайдын лабораториясынын башчысы Сабыр Иптаров: “Чет өлкөлөрдө мектеп окуучулары электрондук китептерди колдонуп жүрүшөт. Кыргызстанда да ушундай кылуу керек”,- деди.

Анын айтымында, Кыргызстанда информатика сабагы 7-класстан башталгандыктан, окуучулар жаңы технологиялардан бир топ артта калууда. “Республикабызда мектеп мугалимдерин даярдаган жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн көпчүлүгү өз кесиби менен иштегиси келбей жаткандыгын байкап жатабыз. Келечекте биз чыгарган китептер менен окуучуларды ким окутат?”- деп сурады ал.

“Кыргызстанда электрондук китептер - келечектин маселеси. Мындан тышкары өлкөнүн аймактарындагы мектептерди заманбап жабдуулар менен камсыздоого бюджетте акча каралган эмес. Албетте, мугалимдерди даярдоо маселесине көңүл бурабыз”,- деп жооп берди КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
13.06.2014. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эльвира Сариева деген айым журналистпи? Вице-премьер-министр да туурабы? Анан эл билбей тургансып эле "чолпонбек базарбаев -балет жылдызы", "Кыргызстанда электрондук китептер - келечектин маселеси” деген эле зоголовок коп окучу болдум! Бир каталык кетсе сайттан кетип жатат же пресс кызматы эжекебиздин "атылып" кеткен. Койгойлуу маселелер канча ошону минтип атабыз дегендин ордуна улам эле арзан пиарлайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: