super.kg logo
  Саясат  

“Ата Журт” фракциясы өлкөдөгү ветеринардык жагдайды Жогорку Кеңешке алып чыгуу чечимине келди

 

“Ата Журт” фракциясынын 13-июндагы жыйынында өлкөдөгү ветеринардык жагдай талкууланды.

Жыйынга Бишкек жана Ош шаарларынын, облустардын ветеринария өкүлдөрү катышты.

Аймактык ветеринарлар тармакка мамлекеттен колдоо болбой жатканын, кадрлардын кризиси башталчудай кырдаал түзүлгөнүн, вакциналардын жетишсиздигин айтып чыгышты. 

Ош шаардык ветеринария кызматынын жетекчиси Кумарбек Исаков малдын санынын так эместиги менен малдын бир аймактан экинчи аймакка ташылышын эсепке алуунун кыйынчылыгы мал ылаңдарынын таркашына себеп болуп жатканын айтат. Чүй облусунан келген өкүл Анарбек Кадыракунов ар бир облуска ветеринардык постторду коюу зарыл экенин билдирди. 

Эпизоотикалык абал көзөмөлдөн чыгып кете турган болсо, анын кесепетин элестетүү кыйын деген депутат Курманбек Осмонов бул көйгөйгө мамлекеттик мамиле керек дейт.

Айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен бул маселени Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыгуу чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: