Бразилия, Дүйнө чемпиондугу: Мексика атаандашы Камерунду минималдуу эсепте утуп, 3 упайга ээ болду
Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун алкагында бүгүн, 13-июнда «А» тайпасынын өкүлдөрү Мексика менен Камерун кез келди. Натыйжада 1 гана гол айырмачылыгында утуп, 3 упай ээси Мексика курама командасы болду.
Оюн тең салмактуу башталды. Каршы дарбазаларга алмак-салмак чабуул уюштурган командалардан Мексиканын чабуулдары көбүрөөк ийгиликтүү чыгып жатты. “Ацтектер” каршылаш команданын дарбазасына 2 гол киргизүүгө үлгүрүштү. Бирок калыс эки кырдаалда тең оюн эрежеси бузулганын айтып, голдорду эсепке алган жок.
Кошумчалай кетсек, “А” тайпасында Бразилия курама командасы менен Мексика курама командасы өз эсептерине үчтөн упай жаза алышты.
Мексика - Камерун – 1:0
Гол: Перальта (61-мүнөт) Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
lotte

14.06.2014. 14:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Джовани дос Сантостун киргизген 2 таза голдорун алып коюшту. Негизинен эле алгачкы оюндарда калыстардын кетирген каталары коп болуп атат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.