Талас. Талас районунда 36 окуучу облустук олимпиадага катышууга жолдомо алышты
КРнын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Мухамеджан Суранчиев билдиргендей, Талас районунун Жон-Арык айылындагы А.Нуржанов атындагы орто мектебинде 12 окуу предмети боюнча райондук олимпиада болуп өттү. Аталган олимпиадага райондун бардык мектептеринен 745 окуучу катышты. "Эки күнгө созулган олимпиаданын жыйынтыгында 36 окуучу жеңүүчү аталып, жакында болуучу облустук олимпиадага катышууга жолдомо алышты. Белгилей кетсек, өткөн окуу жылында аталган райондон 19 окуучу облустук олимпиадага катышып, анын ичинен 7 окуучу республикалык олимпиадага катышып, байгелүү орундарга ээ болушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

