Ысык-Көл облусу. Булан-Сөгөтү айылында өрткө каршы бөлүм ишке кирди











Кечээ, 13-июнда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Булан-Сөгөтү айылында ӨКМнын алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик агенттигинин жаңы бөлүмүнүн ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ага министр Кубатбек Боронов, өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Акылбек Жаныбеков, министрдин орун басары Нурбек Сыдыгалиев, Өрткө каршы мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нуржан Осмоналиев жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери катышты.
Кошумчалай кетсек, өрткө каршы бөлүм тейлеген аймактын радиусу 25 чакырымды түзөт. Бул бөлүм Булан-Сөгөтү айылынын чыгыш жагында жайгашкан Кашат айылына чейинки 12 чакырым аралыкта, батыш жагынан Чолпон-Ата шаарына чейинки 14 чакырым аралыкта кызмат көрсөтөт. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.