Бишкекте 12 жаштагы бала Чоң Чүй каналына чөгүп кетти
Кечээ, 13-июнь күнү саат 14:42де Бишкектеги Свердлов районундагы Алма-Ата көчөсүнөн өткөн Чоң Чүй каналына 2002-жылы туулган Кеңешбек уулу Сыймык чөгүп кеткен. Бул тууралуу бүгүн ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары окуя болгондон кийин жардам көрсөтүү үчүн аттанышкан. Алар сууга чөгүп кеткен 12 жашар баланы 20:45ке чейин издешкени менен, издөө натыйжа берген жок. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Байкуш жаш кетиптир.