Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Англия менен Уругвай алгачкы оюндарын уттуруп жиберишти
Уругвай курама командасына каршы мыкты оюн көрсөткөн коста-рикалык футболчу Хоэль Кэмпбелл.


Уругвай курама командасына каршы мыкты оюн көрсөткөн коста-рикалык футболчу Хоэль Кэмпбелл.

Колумбиянын футболчулары жеңишти дал ушундайча майрамдашты.

Англиянын чабуулчусу Дэнни Уэлбек италиялык коргоочуларга каршы оюн алып барууда.

Маркизио алыстан узатылган соккусу менен оюн эсебин ачты.

Даниэль Старридж оюн эсебин теңеп, өзүнүн көпчүлүккө белгилүү бийин көрсөтүүдө.

Стивен Жеррард топ үчүн болгон күрөштө уттуруп жиберди.

Марио Балотелли Итлаиянын экинчи голун, оюндагы үчүнчү голду жаратты.

Италиянын күйөрмандары...
Бразилиядагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу уланууда. 15-июнга караган түнү “D” жана "С" тайпаларында 1-тур оюндары орун алды. Жыйынтыгында Англия курама командасы менен Уругвай атаандаштарына утулуп, тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүктөрү азайып барат.
“С” жана “D” тайпаларында орун алган оюндардын жыйынтыктары:
КОЛУМБИЯ-ГРЕЦИЯ – 3:0
Голдор: Армеро (6-мүнөт), Гутьеррес (58-мүнөт), Хамес Родригес (90+3).
КОТ-Д`ИВУАР-ЯПОНИЯ – 2:1
Голдор: Хонда (16-мүнөт), Бони (64-мүнөт), Жервиньо (66-мүнөт).
УРУГВАЙ - КОСТА-РИКА – 1:3
Голдор: Кавани (24-мүнөт), Кэмпбелл (54-мүнөт), Дуарте (57-мүнөт), Уренья (84-мүнөт).
АНГЛИЯ-ИТАЛИЯ – 1:2
Голдор: Маркизио (35-мүнөт), Старридж (37-мүнөт), Балотелли (50-мүнөт).
Уругвай-Коста-Рика
Футбол боюнча дүйнө чемпиондугу: Англия - Италия
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(2)
lotte

15.06.2014. 14:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коста-Рика сюрприз тартуулады гооо :)
kara_kulzha

15.06.2014. 16:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Англияга болейтетип жаттым эле
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.