Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Кыргызстандык калыс көз салган Швейцария-Эквадор беттешинде европалыктар жеңишти илип кетишти

Учурда Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын алкагында “Е” тайпасынын командалары кез келүүдө. Бул тайпадагы алгачкы оюн болгон Швейцария-Эквадор беттешин башкы калыс Равшан Ирматов кыргызстандык жардамчы калыс Бахадыр Кочкаров менен биргеликте тейледи.
Оюн курч мүнөздө башталып, алгач Эквадордун футболчулары оюн эсебин ачышты. Бул голдон кийин өзүн толук жыйнаган швейцариялыктар арты-артынан чабуул уюштуруп жатышты. Оюндун экинчи бөлүгүндө эсеп теңелсе, негизги убакытка кошулуп берилген 3 мүнөт ичинде европалыктар жеңиш голун киргизе алышты.
Швейцария – Эквадор – 2:1
Голдор: Э.Валенсия (22-мүнөт), Мехмеди (48-мүнөт), Сеферович (90+3).
Дүйнөлүк чемпионат: Швейцария - Эквадор 0:1 (15.06.14)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Bexa9595

16.06.2014. 02:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а жакшыы
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.