super.kg logo

Ош шаарында 69 энеге Эне даңкы медалы тапшырылды

 

Ош шаардык мэриясында өткөн аптанын аягында энелерди Баатыр эне жана Эне даңкы медалдары менен сыйлоо иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ага мэр Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов жана вице-мэр Ильич Эргешов катышып, сыйлык алган энелерге ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана узун өмүр каалады. 245 энеге Баатыр эне ордени, 69 энеге Эне даңкы медалы тапшырылды.

Эскерте кетсек, 2012-жылы Ош шаардык мэриясы 48 энеге Баатыр эне, 16 энеге Эне даңкы медалын тапшырган. 2013-жылы 64 энеге Баатыр эне ордени, 4 энеге Эне даңкы медалы тапшырылган. Учурда Ош шаары боюнча жалпысынан 832 Баатыр эне бар. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: