Токтогул районунда катуу шамал катталып, бир канча турак үйдүн жана аймактык оорукананын чатырын учуруп кетти





Токтогул районунун Кара-Жыгач айылында катуу шамал катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 16-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, 14-июнь күнү саат 17:15тен саат 18:07ге чейин ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган. Шамалдын кесепетинен эки кабаттуу турак үйдүн 270 чарчы метр темир чатыры, Бала-Чычкан айылында 5 турак үйдүн жана аймактык оорукананын чатырын учуруп кеткен. Учурда Райондук жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.