Үстүбүздөгү жылдын алгачкы төрт айында Ноокат районунан сыртка 28 миңден ашуун жаран чыккан
2014-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча Ноокат районунан чет өлкөгө 28 189 жаран чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Райондук эмгек, миграция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Орусияга 21 481 адам, Казакстанга 2538 адам, Түркияга 51 адам, калган жарандар Түштүк Корея, Араб Эмираттарына жана башка өлкөлөргө чыгышкан.
Ошондой эле ички миграция боюнча 6424 адам өлкөнүн башка аймактарына чыгышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.