super.kg logo

Бишкекте тоноочулукка шектелип 2 жаран колго түшүрүлдү

 

"Айымдарды тоногон" деген шек менен 2 жаран колго түшүрүлдү. Мындай маалымат бүгүн, 16-июнда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы тарабынан билдирилди.

Маалыматка караганда, 40-45 жаштардагы белгисиз адам күч колдонуп Гулиза аттуу Бишкек шаарынын тургунунун уюлдук телефонун жана акчасын тартып алышкан. Кылмышка шектүү катары изи сууй электе Нарын облусунун Муратбек аттуу тургуну кармалган.

Ошондой эле 22-24 жаштардагы белгисиз адамдар күч колдонуп Наргиза аттуу Бишкек шаарынын тургунунун акчасын жана уюлдук телефонун тартып алышкан. Ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары Николай аттуу баш калаанын тургуну колго түшүрүлгөн.

Иликтөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: