super.kg logo

Бүгүн Бишкекте “Калыс” кыймылы өкмөттүк эмес уюмдарды көзөмөлгө алуу боюнча акция өткөрөт

 

Бүгүн, 16-июнда саат 11:00дө Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин жанында “Калыс” саясий кыймылы өкмөттүк эмес уюмдарды көзөмөлгө алуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алууну тездетүү талабы менен акция өткөрөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган кыймылдын лидери Жеңиш Молдокматов билдирди.

Анын айтымында, аталган мыйзам долбоору 2013-жылы иштелип чыккан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин кабыл алына элек. Мындан тышкары ал иш-чара боюнча тиешелүү билдирүүлөр алдын ала тапшырылганын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин 2014-жылдын 27-февралында “Калыс” кыймылы Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин имаратынын астында гейлерге, бисексуалдарга каршы акция уюштурган. Андан соң 12-мартта ушул эле маселе боюнча Жогорку Кеңештин алдында митинг өткөргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: