super.kg logo

Чоң Чүй каналынан 2 адамдын жансыз денеси табылды

 

Чоң Чүй каналынан 2 адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 16-июнда билдирди.

Алсак, Москва районунда 14-июнда саат 15:45 чамасында ИИМдин райондук кызматкерлери Чоң Чүй каналынан белгисиз 40-45 жаштардагы аял кишинин сөөгүн чыгарып берүүнү куткаруучулардан суранышкан. Окуя болгон жерге КРнын ӨКМнын Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун куткаруучулары барышып, аял кишинин жансыз денеси каналдан чыгарылган.

Буга катар Аламүдүн районунда 14-июнда ИИМдин райондук кызматкерлери Чоң Чүй каналынан белгисиз 35-40 жаштардагы эркек кишинин сөөгүн чыгарып берүүнү куткаруучулардан суранышкан. Окуя болгон жерге барган КРнын ӨКМнын 1-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары эркек кишинин жансыз денесин каналдан алып чыгышкан.

Жансыз денелер ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: