super.kg logo

"Жумгалдагы окуядан кийин камакка алынган 13 адамдын үчөө ачкачылык жарыялоодо" дейт абакта отургандардын биринин жубайы Дамира Садырбаева

 

Жумгалдагы окуядан кийин камакка алынган 13 адамдын үчөө ачкачылык жарыялоодо. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда аталган окуя боюнча абакта отурган Эсенгул Карагуловдун жубайы Дамира Садырбаева билдирди.

Анын айтымында, ачкачылык акциясы кечээ, 15-июнь күнү башталган. Учурда айыпталуучулар Жээнбек Мусаев, Эсенгул Карагулов, Эраж Кумарбековдор ачкачылык жарыялашууда. Алар “Жумгалдагы элдик сот боюнча күнөөбүз жок” дешүүдө.

“Менин жолдошум Эсенгул Карагулов менен Эраж Кумарбеков сот отурумуна укук коргоочу катары катышышкан. Ал эми Жээнбек Мусаев жөн эле таксист болчу”,- деди Дамира Садырбаева.  

Эске сала кетсек, 2013-жылдын 1-декабрында Кара-Кечеде Айбек Мамбеталиев каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү деп 3 милиция кызматкери камакка алынган болчу. 2014-жылдын 20-февралында алардын ишин Жумгал райондук соту караган. Бирок сот аягына чыкпай, маркум Айбек Мамбеталиевдин жакындары айыпталып жаткан милиция кызматкерлерине бензин чачышып, өрттөөгө аракет кылышкан. Жыйынтыгында айыпталуучулардын экөө катуу сабалып, биринин жансыз денеси 3 айдан кийин табылган эле.

Бул боюнча “адам өмүрүнө кол салуу”, “сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү”, “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, Нарын шаардык соту 13 адамды камакка алган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.06.2014. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичи куйгон ата эне бир туугандары жини менен кылып, чиелешип кетти го бул окуя, арты жакшылык мене аяктасын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: