Кароолчуну тоноп качып бараткан жеринен өзбекстандык жаран жана Чүй облусунун тургуну кармалды
Кароолчуну тоноп качып бараткан жеринен өзбекстандык жаран жана Чүй облусунун тургуну кармалды. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, 14-июнда Донецкий көчөсүндөгү унаа токтотуучу жайга белгисиз эки адам келип, ал жердеги Дамир аттуу кароолчуга жана анын жубайына карата күч колдонуп, тоношкон. Бирок Дамир алардын артынан кууп жөнөгөн, кийин милиция кызматкерлерин көчөдөн көрүп калып аларга билдирген соң, кылмышка шектүү 21 жаштагы Чүй облусунун Марат жана өзбекстандык Данияр аттуу жарандар кармалышкан.
Учурда алар убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.