16-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард метр кубга жакындады
2014-жылдын 16-июнуна карата Токтогул суу сактагычындагы
суунун көлөмү 9 миллиард 994 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу бүгүн,
16-июнда “Электр станциясы” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына 715 метр кубду түзсө, агып чыгуусу секундасына 180 метр кубду түзүүдө. Ал эми 2013-жылы ушул маалда суу сактагычтагы суунун көлөмү 12 миллиард 864 миллион метр кубду түзгөн. Агып кирген суунун көлөмү секундасына 1,262 метр кубду түзүп, агып чыккан суунун көлөмү 215 метр кубга барабар болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.