super.kg logo

Бажы биримдигине киргенден кийин Кыргызстан менен Бажы биримдигинин өлкөлөрүнүн ортосундагы бажы чек араларында бажылык тариздөө болбойт

 

Бажы биримдигине киргенден кийин Кыргызстан менен Бажы биримдигинин өлкөлөрүнүн ортосундагы бажы чек араларында бажылык тариздөө болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда КРнын Экономика министри Темир Сариев билдирди.

“Бажы биримдигине киргенде Кыргызстан менен Бажы биримдигинин өлкөлөрүнүн ортосунда бажы чек араларындагы бажылык тариздөө болбойт. Буга байланыштуу экспорттун көбөйүшү күтүлүүдө. Эң биринчиден, айыл чарба продукциялары (мөмө-жемиш жана жашылчалар, мал чарба продукциялары жана сүт азыктары) текстиль-тигүү продукцияларын экспорттоо жогорулайт”,- дейт Т.Сариев.

Маалыматка ылайык, учурда өлкө аймагынан Орусияга мөмө-жемиш, жашылчалардын 36 пайызы, пахта буласы 64,3 пайыз, айнек 42 пайыз, электр машиналары жана аппараттар 28,5 пайыз, чыңалуу лампалары 26 пайыз, радиаторлор 35 пайызды түзүүдө. Ал эми Казакстанга 100 пайыз электр энергиясы, 85 пайыз сүт азыктары, 45 пайыз жашылчалар жана мөмө-жемиштери, 73 пайыз тирүү мал жандыгы, 96 пайыз тигилген буюмдар жана 52 пайыз айнек экспорттолууда. Ошондой эле өлкө аймагынан Беларуска 59 пайыз радиаторлор экспорттолуп жатат.      






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
16.06.2014. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте баары кымбаттайт. Биздин айлык эмнесине жетет болду экен, элементарный картошкага жетпей жатканда.
16.06.2014. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кымбатайт,кымбатайт деп эле коркосунар Россия менен Кыргызстандагы азык-тулуктордун бааларын салыштырса Россияда кыйла эле арзан.Доллар 58-60 сомго которулду деп продукты кымбаттады эле доллар тушкон куну деле баалар озгорбойтко.
16.06.2014. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы Админ КР эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин адресин калтырып койо аласыздарбы, Ош шаарына кайрылуу керекби, же Бишкек шаарынабы. Мумкун болсо кочолордун аталышынан бери жазып койунуздарчы.Алдын ала ыраазычылык билдирем.
16.06.2014. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aimeerimka, ош шаарында болсо ленин кочосундо жайгашкан
16.06.2014. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тс тс дей бербей туштуктогу газды чечип койбойбу атамбаев
Модератор admin_portal түзөттү 17.06.2014 10:13
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: