super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев каржы министри Ольга Лаврованы кабыл алды

 

Бүгүн, 16-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн каржы министри Ольга Лаврованы кабыл алды. Жолугушууда республикалык бюджеттин аткарылышынын жүрүшү талкууланып, анын киреше бөлүгүнүн камсыздалышы боюнча аткарылып жаткан иштер каралды.

Мамлекет башчысына ведомствонун 2013-2017-жылдардын мезгилине өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясынын долбоорлорун каржылоо боюнча иш-аракети, ошондой эле калк алдында социалдык милдеттенмелердин аткарылышы боюнча маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев чет элдик өнөктөштөрдөн келип жаткан финансылык каражаттардын, анын ичинде Орусия Федерациясы тарабынан Кыргызстандын Ош шаары жана Ош облусуна көрсөтүлүүчү финансылык жардамдын эффективдүү жана максаттуу колдонулушунун маанисин белгиледи. Мамлекет башчысы бул каражаттардын бир бөлүгүн өлкөнүн түштүгүндөгү жаратылыш газын колдонуучуларын суюлтулган газга которуу үчүн мамлекет тарабынан каржылоону карап чыгуу керектигин белгиледи. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: