super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет Бишкек – Ош жолунун эки участогун оңдоого 60 миллион доллар насыя алууга байланышкан макулдашууну жактырды

 

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда “Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык жамаатынын Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Баяндамачы транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов болду.  

Министрдин айтымында, келишим шарттарына ылайык, ЕврАзЭШтин Кризиске каршы фонду Бишкек - Кара-Балта (52 чакырым), Маданият - Жалал-Абад (67 чакырым) жолун калыбына келтирүү үчүн Кыргызстанга 60 миллион доллар жеңилдетилген насыя бөлөт. Насыя 1 пайыз үстөгү менен 20 жылдык мөөнөткө күрөө коюусуз берилет. Анын алгачкы 8 жылында насыя пайызы төлөнбөйт.

Талкуудан соң комитет мүчөлөрү аталган мыйзам долбоорун жактырышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: