super.kg logo

Жумгалдагы окуядан кийин камакка алынып, учурда ачкачылык жарыялап жаткан 3 адамдын жакындары президентке кайрылуу жолдошту

 

Жумгалдагы окуядан кийин камакка алынып, учурда ачкачылык жарыялап жаткан 3 адамдын жакындары президентке кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда аталган окуя боюнча абакта отурган Эсенгул Карагуловдун жубайы Дамира Садырбаева билдирди.

Кайрылууда “Карагулов Эсенгул, Эраж Кумарбеков жана Жээнбек Мусаев күнөөсүз камакта жатышкандыктан, ачкачылык акциясын башташты” деп жазылат.

Буга катар эле кайрылууда анык күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышы талап кылынып, “Эгер ачкачылык жарыялаган Карагулов, Мусаев, Кумарбековдордун ден соолугуна зыян келип, кырсыкка учурашса, сиздер жооп бересиздер. Сиздерди күнөөлөйбүз” деп жыйынтыкталат.

Эске салсак, 2013-жылдын 1-декабрында Кара-Кечеде Айбек Мамбеталиев каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү деп 3 милиция кызматкери камакка алынган болчу. 2014-жылдын 20-февралында алардын ишин Жумгал райондук соту караган. Бирок сот аягына чыкпай, маркум Айбек Мамбеталиевдин жакындары айыпталып жаткан милиция кызматкерлерине бензин чачышып, өрттөөгө аракет кылышкан. Жыйынтыгында айыпталуучулардын экөө катуу сабалып, биринин жансыз денеси 3 айдан кийин табылган эле.

Бул боюнча “адам өмүрүнө кол салуу”, “сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү”, “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, Нарын шаардык соту 13 адамды камакка алган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: