super.kg logo

Таласта биометрикалык маалыматтарды топтоо иштери башталды

 
Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча долбоордун бет ачары өттү. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда жергиликтүү өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын коомдук байланыш кызматынын башкы адиси Айнура Темирова Талас активине жана коомчулугуна биометрикалык маалыматтарды топтоо жана анын максаты боюнча түшүндүрмө иштерин жүргүздү.

“КРнын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин же республиканын калкынын бирдиктүү автоматташтырылган персонификацияланган эсепке алуу системин түзүү үчүн биометрикалык маалыматтарды топтоо иштери жүргүзүлүүдө”,- дейт А.Темирова.

Учурда облустагы өкүл Койсун Курманалиеванын буйругу менен бирдиктүү маалыматташтырылган тутумду түзүү боюнча атайын штаб түзүлгөн. Анын алкагында биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча иштер башталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: