super.kg logo

Акыйкатчы институтуна 2013-жылы кыйноо фактысы менен 50дөн ашуун жаран кайрылган

 
Акыйкатчы институтуна 2013-жылы кыйноо фактылары боюнча 57 адам кайрылган. Ал эми жалпы республика боюнча укук коргоо органдарына 429 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КРнын Акыйкатчысы Бакыт Аманбаев бүгүн, Борбордук Азиядагы Америка университетинин "Тянь-Шань" саясий борборунун жетекчиси, Австриядагы Людвиг Больцман адам укуктары боюнча институтунун изилдөөчүсү, изилдөөчү топтун жетекчиси Моритц Бирк менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында Б.Аманбаев 2014-жылдын апрель айында КРнын Акыйкатчысынын буйругу менен Кыйноо фактылары боюнча иликтөө жүргүзүүчү атайын комиссия борбордук аппаратта жана республиканын 7 облусундагы аймактык өкүлчүлүктөрдө иштеп жатканын маалымдады.

Аталган көз карандысыз комиссиялардын курамына КРнын Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлеринен сырткары да белгилүү укук коргоочулар, врачтар тартылганы айтылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: