super.kg logo
  Спорт  

Бразилия, Дүйнө чемпиондугу: Германия Португалиянын дарбазасына 4 гол киргизип, жеңишти камсыздады (фоторепортаж)

 
Беттешке трибунадан Германиянын канцлери Ангела Меркель, ФИФАнын президенти Йозефф Блаттер, УЕФАнын президенти Мишель Платини жана башка сыйлуу коноктор көз салып отурушту.
Оюн курч мүнөздө башталып, Португалия кезектеги кооптуу чабуулду ишке ашырды.
Дарбазаны таштап чыгып кеткен Португалиянын дарбазачысын жазалоону Сами Хедира колго ала алган жок. Ачык дарбазага таамай тебе албай калган оюнчу шашканына өкүнүп жатат.
Марио Гетце менен Жоау Перейранын топ үчүн болгон күрөшү германиялыктардын жеңиши менен аяктады. Калыс Германия тарапка 11 метрлик айып соккусун тебүү укугун берди.
11 метрлик айып соккусунда Томас Мюллер таамай болуп чыгып, оюн эсебин ачты.
Португалиянын чабуулчусу Угу Альмейда жаракат алып, майданды таштап кетүүгө мажбур болду.
Экинчи голду Хуммельс киргизди.
Калыстын ишмердүүлүгүнө ичи чыкпаган португалиялыктар оюнду курчутуп, орой ойноп башташты.
Пепе оюндун башкы каарманы Томас Мюллерге каршы орой ойноду. Андан кийинки кылыгы анын майдандан четтетилүүсүн камсыздады.
Томас Мюллер алгачкы 45 мүнөттүк жыйынтыкталар алдында дагы бир гол жарата алды.
Майданда болуп жаткан окуянын баарын көрүп, билип, сезип жаткан Криштиану Роналдунун бүт күч-аракети дарбазага сокку узатуу болду.
Оюн курч мүнөздө болгондуктан, жаракат алгандар да көп болду. Фабио Коэнтрау да айласыз майдандан кетүүгө мажбур болду.
Германиялыктардын курамынан Хуммельс жаракат алды.
Германиянын оюнчулары атаандашынын дарбазасына 4-голду киргизишти.
Оюндун башкы каарманы Томас Мюллер жана мындай чоң эсептеги жеңилүүнү акылына сыйдыра албай жаткан Криштиану Роналду.

Бүгүн, 16-июнда Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун “G” тайпасынын алгачкы оюну орун алды. Голдордун көптүгү менен айырмаланган аалам биринчилигинде Германия менен Португалия да бул салтты бузган жок. Оюндун алгачкы 45 мүнөттүгү оюндун тагдырын толук чечип койду. Анткени германиялыктар 45 мүнөт ичинде 3 гол жарата алышты. Ошол эле учурда португалиялыктардын курамынан орой ойногондугу жана эреже бузгандыгы үчүн борбордук коргоочу Пепе 37-мүнөттө оюндан четтетилди.

Беттеште мелдештеги алгачкы хет-рик (1 оюнда киргизилген 3 гол) катталды. Германиянын чабуулчусу Томас Мюллер киргизилген 4 голдун үчөөнү өз эсебине жаза алды. Ошентип, Германия алгачкы 3 упайына ээ болуп, тайпадан биринчи болуп чыгууга олуттуу билдирме жасай алды.

ГЕРМАНИЯ-ПОРТУГАЛИЯ – 4:0

Голдор: Томас Мюллер (11-мүнөт, пенальтиден), Матс Хуммельс (32-мүнөт), Томас Мюллер (45-мүнөт), Томас Мюллер (78-мүнөт).  

 






Дүйнө чемпиондугу: Германия - Португалия

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
17.06.2014. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайран Роналдо!
17.06.2014. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
судя бузду маанай олду Роналдо алгаа
Медиа-портал
17.06.2014. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
...ох-ох талкалады го Бундесмащииин)))
17.06.2014. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Судьяга акчаны таштаган корунот Германия, кыйла эле тартып берди бирок Роналдонун ойногонун баалайм!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: