super.kg logo
  Спорт  

Бильярд боюнча Ысык-Көлдө өтө турган дүйнөлүк мелдешке талапкерлер тандалды

 

16-июнда бильярд боюнча республикалык мелдештин финалдык оюндары аягына чыкты. Мелдеште Дастан Лепшаков 1-орунду алса, 2-орунга Ызатбек Раатбеков татыктуу болду. 3-орунду Маркел Насыров менен Азизжан Мадаминов ээлешти. Бектур Арзыматов менен Канат Сыдыков кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышканын ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын Бильярд федерациясынын президенти, парламент депутаты Турсунбай Бакир уулу таймаш күчтүү болгонун, спорттун бул түрү боюнча жаштар өсүп келе жатканын белгиледи. Мелдештин жеңүүчүлөрү жайында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында белгиленип жаткан дүйнөлүк мелдешке катышарын федерация президентинин орун басары, депутат Бактыгул Маматов маалымдады.

Эске салсак, 13-16-июнь күндөрү бильярд боюнча республикалык мелдеш депутаттар Турсунбай Бакир уулу жана Бактыгул Маматовдун демилгеси менен өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: