Депутат Асия Сасыкбаева Ошто атып өлтүрүлгөн милиция кызматкери Толкунбек Шоноевдин үй-бүлөсүнө төраганын фондунан акча бөлүүнү сунуштады
ЖКнын бүгүнкү, 16-январдагы жыйынында депутат Асия Сасыкбаева Ош шаарында өлтүрүлгөн милиция кызматкери Толкунбек Шоноевдин өлүмүн изилдөөнү көзөмөлгө алууну сунуштады. Ошондой эле каза болгон Шоноевдин артында 5 баласы калганын кошумчалап, анын үй-бүлөсүнө төраганын фондунан акчалай жардам берүү сунушун да билдирди. Айта кетсек, 11-январда Ош шаарынын жана түштүк аймактык Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы, полковник Толкунбек Шоноевди үйүнүн жанынан кылмышкерлер атып кетишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

