super.kg logo

Ошто кыз-келиндерге карата үй-бүлөдө зордук-зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча долбоор ишке кирди

 

Ош шаарында кыздарга жана аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча долбоор ишке кирди. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор аялдардын активдүү катышуусунда эл аралык макулдашууну, тынчтык жана коопсуздукту чыңдоого багытталган.

Аталган долбоор Ош шаарынын мэриясы “Демократиялык процесстерди изилдөө борбору” коомдук уюму менен бирге Сулайман тоо аймактык кеңешинин аймагындагы БУУнун "Өнүктүрүү" программасынын техникалык колдоосу менен пилоттук долбоор катары ишке ашууда.

“Аталган долбоордун жыйынтыгында зордуктоо, эрте күйөөгө берүү, ала качуу, үй-бүлөдө зордук-зомбулук көрсөтүү сыяктуу кыздарга жана аялдарга күч колдонуунун алдын алуу үчүн ар кандай мамлекеттик, муниципалдык жана бейөкмөт мекемелердин ведомстволор аралык кызматташуу системи түзүлмөкчү”,- дейт “Демократиялык процесстерди изилдөө борборунун” Оштогу филиалынын жетекчиси Таалайгүл Исакунова.

Жетекчинин айтымында, расмий жана расмий эмес булактардын билдирүүсүндө, акыркы жылдарда аялдарга карата жогоруда белгиленген зордук-зомбулуктар күчөгөн. Ошондой эле ала качуу, эрте күйөөгө берүүнүн натыйжасында өзүнө өзү кол салгандар көбөйгөн жана өзгөчө 2010-жылдагы Июнь окуясынан кийин мындай көрүнүш көп болгон. КРнын ИИМине үй-бүлөдө аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүү боюнча 3 миңге жакын арыз түшкөн.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.06.2014. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Зордук зомбулкуту эч кандай долбоор токтото албайт. Талкуулап пайда жок.
17.06.2014. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оондун программасы дебей ажырашкандар аябай коп болуп кетти, анын алдын алуу боюнча, жаштарды турмушка даярдоо, кыргыздын нукура салттарын сактоо боюнча иш алып барсанар жакшы болот эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: