super.kg logo

Бишкекте "Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү" делген жаран тоноочулукка шектелип кармалды

 

Бишкекте "Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү" делген жаран тоноочулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 17-июнда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Майрам аттуу жаран башкарып бара жаткан Хонда Степвагон унаасына белгисиз адамдар чабуул жасашкан. Жыйынтыгында белгисиз адамдар күч колдонуу менен аталган айымдын 2 миң АКШ долларын, 40 миң сомго бааланган уюлдук телефонун, зер буюмдарын алып из жашырып кетишкен.

Ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында кылмышка шектүү катары Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болгон 28 жаштагы Айбек аттуу жаран кармалган. Кармалган жаран мурда да бир канча ирет тоноочулукка шектелип соттолгондугу белгилүү болду.

Учурда кылмышка шектүү №1-СИЗОго 2 айга камакка алынып, иликтөө иштери уланууда.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: