super.kg logo

Ошто автотыгындарды жөнгө салуу боюнча аракеттер жүргүзүлөт

 

Ош шаардык мэриясы автотыгындарды азайтуу боюнча атайын план иштеп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда мэриянын басма сөз кызматынын жетекчиси Керим Калыкулов билдирди.

Анын айтымында, 20-июнга чейин эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, зарыл эскертүүлөр берилет.

Ал эми 20-июндан тарта шаардагы автотыгындарды азайтуу боюнча ар кандай багыттагы иш-аракеттер көрүлө баштайт. Бекитилген пландын негизинде Масалиев кең көчөсүнүн Райимбеков, Навои жана Монуев көчөлөрү менен Курманжан датка көчөсүнүн Абдыкадыров жана Навои көчөлөрү менен кесилишүү аралыгындагы коомдук кичи маршруттардын каттоо схемасын оптимизациялоо иштери жүргүзүлөт.

Ошондой эле Монуев көчөсүнүн күн чыгыш тарабынан Масалиев көчөсүнө карай оңго бурулууга, Навои көчөсүнөн күн чыгыш тарапка коомдук транспорттон башка унаалардын бурулуусуна тыюу салынат. Ошону менен катар Масалиев проспекти менен Навои жана Монуев көчөлөрүнүн кесилиштериндеги жол чырактарынын иштөө мөөнөтүн кайрадан карап чыгып, талапка ылайык режимге келтирилет.

Масалиев жана Курманжан датка көчөлөрүнүн көрсөтүлгөн бөлүктөрүндө уруксатсыз автоунаа коюуга жол бербөө жана көзөмөлдөө иштери аткарылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.06.2014. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки он беш=отуз, айырмасы жок копуро буткончо тыгындан кутулбайбыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: