“Токмокто жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен” деп шектелип 19 жаштагы кыз кармалды
“Токмокто жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен” деп шектелип 19 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 17-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, 16-июнь күнү эртең менен Токмок шаарында 44 жаштагы тургунду белгисиз айдоочу унаасы менен сүзүп кеткен. Анын натыйжасында жабырлануучу денесинен жараат алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, аталган айдоочу кармалды. Ал 19 жаштагы кыз экени белгилүү болду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.