super.kg logo
  Спорт  

Рысбек Шекербеков, футбол калысы: “Дүйнө чемпиондугунда футболчуларга эмес, калыстын ишине көз салуудамын”

 
Рысбек мырза "Супер-Инфо" гезити тарабынан уюшулган "Суперфутбол" мелдешинде калыстык милдетти аркалаган.

Бразилиянын Дүйнө чемпиондугун уюштурууда кетирген кемчиликтерин көпчүлүк көз жаздымда калтырууда. Себеби Бразилия замандын агымын кууп, Орусия сыяктуу ири спорттук базаларды курбаса да, Дүйнө чемпиондугун өз үйүндө өткөрүү менен упай алууда. Дүйнө чемпиондугунун алкагында калыстар да көп ката кетирүү менен футболчулардан кем эмес деңгээлде өздөрүнө көңүл бурдура алышты. “Футбол калыстары кандай командаларга күйөрмандык кылышат?” деген суроого кыргызстандык калыс Рысбек Шекербековдон жооп алууга аракет кылдык.

- Дүйнө чемпиондугу кызуу уланууда. Сиз кайсы бир командага күйөрмандык кыласызбы? Жалпысынан калыстардын пикири кандай?

- Чынын айтсам, мен футбол көргөндө калыстардын командасына күйөрманмын. Ири деңгээлдеги футболдук мелдештерди көргөндө андагы калыстар талаада өзүн түрдүү кырдаалдарда кандай алып жүрөрү жана кандай чечим чыгарары кызык. Дайыма анализдеп турам. Аларды карап үйрөнөм.

- Мундиалда калыстар көп каталарга орун беришүүдө. Себеби эмнеде деп ойлойсуз?

- Эми калыстар деле адам да. Адам болгондон кийин бардыгыбыз ката кетиребиз. Футболчулар деле ката кетирип жатпайбы, гол киргизе турчу моменттен сокку узата албай калышат. Негизи эле оюн талаасында бардык учурларда туура чечим чыгаруу татаал. Бирде болбосо бир жагында сөзсүз ката кетиши ыктымал. Ошондуктан футбол калысы дайыма үйрөнүүдө болушу керек.

- Дүйнө чемпиондугунун 1-тур оюндары бүгүн, 17-июндагы оюндар менен аяктайт. Жалпы ушул баскычта кайсы калыс катасыз оюн алып барды деп ойлойсуз?

- Ар бир оюнда калыстардын үстүнөн инспектор карайт. Анда калыстардын иши изилденип, тиешелүү баалар коюлат. Азыркы учурда 1-тур оюндарынын алкагында Швейцария-Эквадор беттешин көзөмөлдөгөн Равшан Ирматовдун көрсөткүчү жогору болууда.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
17.06.2014. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рысбек сен да дуйнолук аренага аракет кыл. Жердешибиз Бахадыр акадан улгу ал. Аракет кылсан берекесин коросун ишине ийгилик.
17.06.2014. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар да дуйнолук денгелдее калыс болушу зарыл! Кыргыз баласы !Рахмат! Улгу албай эле Кыргыз Озу билет!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: